Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы күн сайын каттай баштайт

08.07.2021 11:58
993
Бишкек-Балыкчы поезд каттамы күн сайын каттай баштайт

Бишкек-​​Балыкчы-Бишкек багытындагы №608, 609 жүргүнчү ташыган поезд 19-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, поезд каттамынын жүгүртмөсү төмөндөгүчө: Бишкек-Балыкчы каттамы саат 07:00дө, Бишкек-1 темир жол бекетинен жөнөп, саат 11:59да Балыкчыга барат. Балыкчы-Бишкек-1 поезди саат 17:15те Балыкчы бекетинен жөнөп, 22:03тө Бишкек-1 темир жол бекетине келет. Билет баалары: Чоңдор үчүн 69 сом, балдар үчүн 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин). Ал эми 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз.


"Билеттерди темир жол станциясынын кассасынан же поезддин ичинен сатып алса болот", - деп айтылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн