Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Бишкек-Исфана аба каттамы качан ачылары белгилүү болду

12.01.2021 11:26
1168
Бишкек-Исфана аба каттамы качан ачылары белгилүү болду

2021-жылдын 18-январынан баштап Tez Jet Airlines авиакомпаниясы Бишкек-Исфана-Бишкек каттамы боюнча учуп баштайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, учуулар жумасына бир жолу дүйшөмбү күнү жүргүзүлө турган болгон.


Исфана шаарындагы аэропорт дээрдик эки жылдык реконструкциядан кийин ачылып жатат. Эске салсак, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Исфанага барып аэропорттун ачылыш аземине катышып келген.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Мария
Билетти арзаныраак кылса жакшы болмок
Максатай
Жумасына 2 жолу болсо жакшы болок. Билет баасы арзаныраак болсо.