Бугу 20, 2024
Убакыт: 06:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушун бүткөрүү үчүн каражат бар, - Абылгазиев

21.04.2020 15:40
672
Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушун бүткөрүү үчүн каражат бар, - Абылгазиев


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Бишкек – Кара-Балта автожолунун курулушу менен таанышты, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы. 

«Графиктен артта калып жатканыңыздарды көрүп турам. Бул көптөгөн долбоорлордун биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө пандамиядан улам токтоп турушуна байланыштуу. Мурда башталган долбоорлорду улантып, акырындык менен мурдагы жашоо нугуна кайтуу керек. Карантин бүткөндө жол кыймылы олуттуу түрдө кеңейет. Ошондуктан кыймыл аз кезде бардык татаал иштерди аткаруу керек. Бул стратегиялык автожолдун курулушун бүткөрүү үчүн бизде каражат бар», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев жолчуларга.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек - Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун алкагында асфальт-бетон төшөлгөн: жолдун 29,4 чакырымына органикалык минералдык катмар жана 23 км төмөнкү катмар төшөлдү, алардын ар биринин калыңдыгы 9 см. Курулуш иштерине 31,6 млн АКШ доллары жумшалды. Учурда унаа жолдун оңдолуп жаткан 45,1 чакырым тилкесинде жол салуу иштери 45%га аткарылды. 

Бишкек - Кара-Балта тилкеси «Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуусунун транспорттук коридорун жакшыртуу – 3 (Бишкек – Ош унаа жолу 4-фаза)» долбоорунун алкагында кайра курулууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн