Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 13:02
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Бишкек Кыргызстандын ички дүң продукциянын 40%ын камсыз кылат – мэр

21.06.2024 12:45
1088
Бишкек Кыргызстандын ички дүң продукциянын 40%ын камсыз кылат – мэр


Бишкек шаары Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп, ички дүң продукциянын 40%ын камсыз кылып келет. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Калаа башчысы белгилегендей, буга байланыштуу үстүбүздөгү жылга кирешелерди чогултуу боюнча чоң план коюлду.

“2024-жылга биздин башкы максатыбыз – кирешени көбөйтүү жана шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүү. Буга байланыштуу бул жылы кирешелерди чогултуу боюнча чоң план бар. 2024-жылдын бюджетинин консолидацияланган киреше бөлүгү, аймактык айылдарды эске алуу менен 2024-жылы 32,5 млрд сом киреше түшүүсү күтүлүүдө, ал 2023-жылга салыштырмалуу 10,6 млрд сомго көп. Аткаруу боюнча 2024-жылдын 1-июнуна карата кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 7,2 млрд сомду түздү. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу иш жүзүндө түшүүлөр 23,4 пайызга жогорулады, башкача айтканда 1,4 млрд сомго көбүрөөк түштү” - деди Жунушалиев.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн