Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкек-Москва багыты боюнча авиакаттамдардын саны көбөйөт

12.01.2023 17:17
287
Бишкек-Москва багыты боюнча авиакаттамдардын саны көбөйөт

Бишкектен Москвага туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 1-февралдан тарта "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда.


"Манас" аэропортунан Россиянын "Внуково" аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла башташы күтүлүүдө.


"Москва шаары "Аэро Номад Эйрлайнс" ата мекендик авиакомпаниясы үчүн жаңы багыт болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.


Белгилей кетсек, учурда Россиянын борборуна Avia Trafic Company, "Аэрофлот" жана "Уральские Авиалинии" авиакомпаниялары каттамдарды аткарып келет. Азырынча каттамдардын саны 38ди түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн