Бүгүн, 19-февралда 18.30га алынган ыкчам маалымат боюнча Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол каттамынын Кара-Үнкүр участкасында дагы 10 миң куб кар көчкүсү атып түшүрүлүп, тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жол тейлөө ишканасынын жолчулары кызматта, техникалар иштеп жатат. Буюрса 2 сааттын ичинде жол каттамы убактылуу ачылат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кайра эртең мененки саат 9.00до каттам жабылып, көчкүнү атып түшүрүү иштери улантылат. Себеби чоң көлөмдө көчкү түшүү кооптуулугу бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн