Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы кайра шайлоо таза өтүшүнө кепилдик барбы?

28.05.2021 11:45
1580
Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы кайра шайлоо таза өтүшүнө кепилдик барбы?


Ошентип Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо дайындалды. Бул ирет 11-июлда шайлоо өтөт. Буга чейин 11-апрелде 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өтүп, аттары аталган үч шаардык кеңештин шайлоосу жокко чыгарылган эле. Буга себеп, үч шаарда добуштарды сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу сыяктуу фактылардын аныкталганы болгон. 


Борбордук шайлоо комиссиясынын буга чейинки маалыматы боюнча шайлоодогу мыйзам бузууларга барган партиялардын өкүлдөрү кайра шайлоого катыштырылбашы мүмкүн болчу. Ал эми партиянын өзүн катыштырбай коюу шайлоо мыйзамдарында каралган эмес. Демек, 11-июлга белгиленген шайлоодо деле кайра эле мурдагы партиялар ат салышат дегенди түшүнөбүз. 


Ошондо кайрадан өтө турган шайлоо таза болобу? Кепилдик барбы? 11-апрелдегидей эле добуштарды сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу кайталанбайбы? Эгер мындай көрүнүштөр кайталанса, анда дагы кайра шайлоо өткөрөбүзбү? 


Ар бир өткөрүлө турган шайлоого мамлекеттин бюджетинен аз эмес акча каражаты сарпталат. Ушул эле үч шаардык кеңештин 11-апрелдеги шайлоосу үчүн да бюджеттен акча корогон. Бирок, айрым партиялардын шайлоо мыйзамдарына каршы иш-аракеттери үчүн шайлоо жокко чыкты. Демек, аталган шаардык кеңештердин шайлоосу үчүн мамлекеттен сарпталган акча каражаттары жөн эле коромжу болду деп түшүнөбүз. Бул үчүн кимдир бирөө жоопкерчилик тартабы? Ошол таза шайлоону камсыздай албаган аймакты шайлоо комиссиясы менен мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган партиялардын өкүлдөрү мамлекет сарптаган каражаттын ордун толуктайбы? Мындай суроо БШКда да, башка жерде да каралган жок. 


Демек, мамлекет короткон акча каражаты үчүн эч ким жооп бербейт. Мыйзамды партиялар бузат, аны аймактык шайлоо комиссиялары көзөмөлдөй албайт. Ал эми чыгымды мамлекет тартат болуп жатабы? 


Бир жолу алынган сабак, экинчи жолу кайталанбашы керек. Демек, 11-апрелдеги добуш сатып алуулар, административдик ресурстарды колдонууларга бул ирет жол берилбеши маанилүү. Бирок, ошондой болушуна кандай кепилдик бар? Борбордук шайлоо комиссиясы бул багытта кандай пландарды түздү? Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын-алуу үчүн даярдыктары барбы? Болсо, кандай даярдыктар бар? Же бир баскан чалчыкты кайталап баса беребизби? 


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн