Кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-мартта саат 10:20лар чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Пельменный тилкеси) кар көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган. Буга байланыштуу, Токтогул районунун "Арал" постунда саат 11:10дон тартып унаалардын баардык түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн