Бүгүн, 10-февралда саат 07:00дөн баштап Бишкек—Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан «Чычкан» стационардык постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, бүгүн Токтогул районунун аймагында кардын калыңдыгы 25-30 см жетет. Буга байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында кар тазалоо иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн