Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкек, Ош жана Токмок шаарында кайрадан өтө турган шайлоого канча каражат кетет?

31.05.2021 08:25
2231
Бишкек, Ош жана Токмок шаарында кайрадан өтө турган шайлоого канча каражат кетет?

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоону кайра өткөрүү үчүн 48 миллион 344 миң сом сарпталат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, БШК үч шаарда өтө турган шайлоонун сметасын түзгөн.


Каражат төмөнкү багыттарга сарпталат:


- Шайлоого даярданууга жана аны өткөрүүгө керектүү товарлар менен кызматтарды сатып алууга;

- Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жабдыктардын операторлорун окутууга жана кызматтык сапарларга барууга;

- Байланыш кызматына;

- Предметтер менен материалдарды сатып алууга;

- Жабдыктар менен материалдарды жеткирүү үчүн транспот кызматтарына;

- Аймактардын ичинде жабдыктарды жеткирүү үчүн транспорт кызматтарына.


Эске салсак, үч шаарда кайрадан өтө турган шайлоо 11-июлга бекитилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн