Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкек, Ош жана Токмок шаарында добуш берүү токтолду

11.07.2021 20:04
929
Бишкек, Ош жана Токмок шаарында добуш берүү токтолду


 Бүгүн, 11-июлда саат 20:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо аяктады.


Бишкек шаардык кеңешке шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Ош шаардык кеңешке 8 саясий партия катышты.


Саат 18:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоодо 155 миң 707 адам добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 25,22%ын түзөт.


Жалпы 617 миң 517 жаран шайлоо укугуна ээ болгон.


Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо үчүн 611 миң 71 бюллетень, мындан тышкары 326 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн