Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турган жергиликтүү кеңештин шайлоосу 2021-жылдын 11-июлуна белгиленди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Жарлык президент кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.
Эске салсак, 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоосу мыйзам бузуулар катталгандыг үчүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарында кайрадан өтө турган болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн