Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында өзгөчө абал киргизилди

24.03.2020 09:55
846
Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында өзгөчө абал киргизилди


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу дүйнөдө, ошондой эле биздин өлкөдө түзүлгөн татаал кырдаалды белгиледи.


Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи.


Президент тиешелүү Жарлыктарга кол коюлуп,  Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн билдирди.


Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.


Сооронбай Жээнбеков аймактардагы санитардык-карантиндик постторду өтүүдө азык-түлүк жана башка эл керектөөчү товарлар менен оор жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн