Баш оона 22, 2025
Убакыт: 11:20
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынды

19.10.2022 08:56
430
Бишкек-Ош жолунда  жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынды

18-октябрда Бишкек-Ош жолундагы "Арал" жана "Сосновка" өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 


Маалыматка ылайык,  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 18:40тан тартып "Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө эртең мененки саат 07:00гө чейин киргизилди. 


Ошондой эле аталган унаа жолдун Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан "Сосновка" постунда саат 17:30дан тарта прицеби бар оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Ал эми жеңил унаалар өтүүдө. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн