Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:33
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп, бир аял каза болду

Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп, бир аял каза болду

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол унаа кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын 9-май күнү болжол менен саат 13:15 чамасында Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Ош унаа жолунан жол унаа кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 

Маалымат боюнча Жайыл РИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда төмөнкүлөр аныкталган: 2022-жылдын 9-майында саат 13:15 чамасында "Бишкек-Ош" унаа жолунун 197-чакырымында Ош облусунун Алай районунун тургуну 1983-ж.т. О.Т. “Хонда-Степвагон” (оң рулду) үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн түштүккө көздөй бара жатып алдын ала маалыматтарга таянсак рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып түштүктөн түндүккө келе жаткан Бишкек шаарынын жашоочусу 1981-ж.т. А.С. башкаруусундагы "Хундай-Гетц” үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн.


Жол кырсыгынын кесепетинен “Хундай-Гетц” унаасынын жүргүнчүсү 1980-жылы туулган аял киши жол кырсыгынан алган жаракаттарынан улам каза болуп, жана 2 жаш өспүрүм, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү жайгашкан медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнө кайрылган. 

Айдоочулар Жалал-Абад облусунун Токтогул районун аймактык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.

Бүгүнкү күндө оң рулду унаанын катышуусу менен болгон жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам көз жумуп, ал эми 4 адам ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканаларга кайрылышкан. 



Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгы тургундардан жана коноктордон, алыскы жолго жыккан айдоочулардан өзгөчө (оң рулду) унаалардын айдоочуларынан жол эрежесин так сактоо менен ылдамдыкты сактоо менен айдооңуздарды суранат.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн