Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 1 адам каза болуп, 4 киши жабыркады

21.08.2020 09:38
819
Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 1 адам каза болуп, 4 киши жабыркады

 

ОшБишкек жолунда жеңил унаалар кагышып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Арал тилкесинде БишкекОш унаа жолунун 275-чакырымында “Volkswagen Passat” жана “BMW” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.


Кырсыктын кесепетинен унаалардан өрт чыгып, өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам жабыркап, 1 эркек адам (1967-жылы туулган) ооруканада каза болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн