Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркады

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 15:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталды.


Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болду. Ал эми 5 адам ар кандай жаракаттарды алышып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.


Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн