Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 09:02
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Бишкек ШИИБ интернетте тараган видео тууралуу: Бир адам октон жаракат алган, шектүүлөр изделүүдө

12.08.2022 07:31
511
Бишкек ШИИБ интернетте тараган видео тууралуу: Бир адам октон жаракат алган, шектүүлөр изделүүдө

Бишкек ШИИБ интернет желесинде тараган видео боюнча билдирүү жасады. 


Маалыматка ылайык, 7-августта милициянын "102" кызматына Каарман көчөсүндө белгисиз адам октон жаракат алганы боюнча маалымат түшкөн. Жерине Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу барган.


Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө белгисиз үлгүдөгү тапанча, 1 даана патрон жана гильза табылган. Алдын ала маалымат боюнча, октон жаракат алган 1984-жылы туулган А.Р. аттуу жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.


Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Бейбаштык" негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалды.


Учурда шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн