Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек ШИИБдин башчысы Канат Жумагазиев “Биримдик” партиясына кошулат

19.08.2020 10:31
1040
Бишкек ШИИБдин башчысы Канат Жумагазиев “Биримдик” партиясына кошулат


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев алдыдагы парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянуу менен ​​билдиришти.

Маалыматка таянсак, Жумагазиев “Биримдик” саясий партиясынан талапкер болот.

Канат Жумагазиев 1977-жылы 10-февралда туулган. Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1997-жылдан бери ички иштер органдарында. Ал Чүй облусунун Аламедин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 2016-жылдын июлунан 2017-жылдын ноябрына чейин Чүй облусунун борбордук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп, 24-ноябрда Ички иштер министрлигинин ЖКККББ башчысы болуп дайындалган, 2019-жылдын 7-февралынан тартып Бишкек ШИИБнин башчысы.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бакыт
Жолонгон тоосу бийик болсо, текенин козу кызарат!