Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкек ТЭЦине тиешеси барлар өмүр бою камакка алынабы?

29.01.2021 13:51
727
Бишкек ТЭЦине тиешеси барлар өмүр бою камакка алынабы?


"Кытайга карызды төлөбөсөк алар ТЭЦке, Датка Кеминге, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна өздөрү ээлик кыла башташат. Ээлик кыла башташат деген өздөрү келип өздөрү иштетип өздөрүнүн тарифтерин коет. Биздин эл алардын тарифтерин көтөрө албайт. Тилекке каршы, келишим ушундай түзүлүп калган, Кытайдын акысы бар"- деп Акылбек Жапаров  бүгүн Санжыра радиосунун Жаргылчак уктуруусунда билдириптир. Бул жөнүндө Гулжан Алтымышбаева Фейсбук баракчасына жазды.

Чатак! Өтө чоң чатак бул! 

Эгерде ушул факты чын болсо, анда ошол келишимди даярдаган, ага кол койгон Президент, Премьер-министр, колдогон Өкмөт мүчөлөрү жана адистер,  ратификация кылган Жогорку Кеңештин депутаттары  токтоосуз түрдө камалып, өмүр бою  камакка кесилиши шарт. 

Кыргыз мамлекетине, кыргыз элине  кыянаттык кылуунун жазасы ушундай болуусу учурдун талабына жооп берет.

Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн