Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкек ЖЭБ үчүн Кара-Кеченин жанына көмүрдү байытуу ишканасын куруу пландалууда

27.09.2023 13:55
177
Бишкек ЖЭБ үчүн Кара-Кеченин жанына көмүрдү байытуу ишканасын куруу пландалууда


Кара-Кечеге жакын жерде Бишкек Жылуулук электр борборунда пайдалануу үчүн көмүрдү байытуу цехин курууну пландап жатышат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин «Бишкек-Аламүдүн» аймактык башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршеев брифингде билдирди.


«Биздин көйгөй – күйгөн көмүрдүн көлөмү. Башка тармактарга караганда жогору. Бишкек шаарында жана анын чет жакаларында күз-кыш мезгилине 1,8 миллион тонна көмүр керектөө каралса, анын 1,5 миллион тоннасы жагышат. Көптөр көмүрдү көп керектегендиктен, бул негизги булактардын бири деп эсептешет. Бирок ПРООНдун изилдөөлөрү боюнча ЖЭБдин абанын булганышына кошкон салымы 10 пайызга чейин жетет», - дейт бөлүм башчы.


Ал кошумчалагандай, түтүн менен күрөшүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүүнүн башында ЖЭБди газга өткөрүү сунушу айтылган. Бирок, эң жогорку жүктөмдө газдын керектүү көлөмү жетеби деген шектенүүлөр пайда болгондуктан, орто мөөнөттүү пландарда Кара-Кече кенинде байытуу фабрикасын куруу чечими кабыл алынган.


«Завод биздин көмүрдөн чыккан зыяндуу заттарды азайтат. Маселен, импорттолгон 1 миң тонна “Д” классындагы көмүрдү күйгөндө 8,8 тонна зыяндуу заттар бөлүнүп чыкса, биздикинен чийки жана байытылбаган көмүр 12,9 тонна бөлүнүп чыгат. Айырмасы 4,1 тонна – бул да чоң айырма», - деди ал.


Нурлан Шаршеевдин айтымында, көмүрдү байытуунун көптөгөн варианттары бар. «Эң жөнөкөйүн алабыз – нымдуулукту 20 пайыздан 10 пайызга чейин кургатабыз. Заводду түштүк аймактарга да орнотууну көздөп жатабыз», - деп кошумчалады Нурлан Шаршеев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн