Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкек ЖЭБде авария болуп, эки кызматкер оор жаракат алды

Бишкек ЖЭБде авария болуп, эки кызматкер оор жаракат алды


Бишкек шаардык ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, авария 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында катталган.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

"Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бирөө күйүк бөлүмүндө, абалы оор", — деп айтылат маалыматта.

Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.

Энергетика министрлиги шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн