Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:37
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкек ЖЭБдеги авариядан улам шаардын бир бөлүгү жылуулуксуз калды

02.02.2024 10:38
117
Бишкек ЖЭБдеги авариядан улам шаардын бир бөлүгү жылуулуксуз калды


Борбор калаадагы ЖЭБдеги авариядан улам Бишкектин бир нече кичи райондору жылуулуксуз калды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн маалымат жыйынында «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев тастыктады.


Анын айтымында, бардык абоненттерге ысык суу берүү толугу менен токтотулду. Социалдык мааниге ээ эмес объектилерде да жылуулук өчүрүлгөн.


«Бүгүнкү күндө шаардын түштүк тарабында - 12, 11, 6, 7, 3, 5-кичи райондордо, 8-нин бир бөлүгү, ошондой эле Улан жана Көк-Жар кичи райондорунда төмөнкү параметрлер менен жылуулук берилүүдө. Дээрлик эч кандай жылытуу жок. Ысык суу берүүнү толугу менен чектеп жатабыз. Бул жылуулук менен камсыздоо системасын сактап калуу үчүн зарыл чара. Демек, жылытууга жумшалган жылуулук ысык суу менен да камсыз болот», - дейт Шаршенбек Сарыкеев.


Белнилей кетсек, бүгүн түнү Бишкек жылуулук борборунда авария болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, казандардын бири жарылган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Беш адам жабыркап, ооруканага жаткырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн