Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 13:54
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркагандардын денеси 80%га чейин күйгөн

Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркагандардын денеси 80%га чейин күйгөн


Бишкек ЖЭБинде орун алган авариядан жабыркагандардын абалы тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов айтып берди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепетинен 5 жабырлануучу Шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген.

"Жабырлануучулардын үчөө өрттөн 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган. Алардын экөөнүн бети, моюну жана тулку бою, буттары, тактап айтканда, денесинин 80%ы күйгөн. Экөө тең оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Үчүнчү жабырлануучу эки колунан 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган - 10%ы күйгөн. Ал да ооруканага жаткырылып, абалы орточо оор деп бааланууда.

Төртүнчү жабырлануучу тизесинен жаракат алган, абалы канааттандырарлык, ооруканага жатуудан баш тарткан. Ал эми бешинчи жабырлануучуга иске ууланган деген диагноз коюлуп, ал дагы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Аталган аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттер жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн