Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери боюнча көптөгөн версиялар каралууда, теракт болгонун да жокко чыгарууга болбойт, - Төрөбаев

03.02.2024 17:00
306
Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери боюнча көптөгөн версиялар каралууда, теракт болгонун да жокко чыгарууга болбойт, - Төрөбаев


Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери боюнча көптөгөн версиялар каралып жатканын 3-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.


Буга чейин министрлер кабинети Бишкек ЖЭБде 2-февралга караган түнү болгон авариянын себептерин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны Б.Төрөбаев жетектей турганын билдирген.


«Болуп өткөн окуянын себептери... азыр Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Биз азыр көптөгөн версияларды карап чыктык – жасалма дагы, техникалык регламентти бузуу дагы болушу мүмкүн.


Көптөгөн версиялар бар, жада калса теракт болушу мүмкүн деген версияны да жокко чыгарууга болбойт. Эми комиссия, прокуратура баарын изилдеп, карайт. Комиссия түзүлөт, бул комиссияда себептерден тартып зыянга чейин бардык суроолорду көтөрөбүз, келечекте ЖЭБден көз карандысыз болуу деген максатта кандай модернизация жасайбыз, Бишкек шаарында кандай пландарды, иш-чараларды өткөрөбүз», - деди Б.Төрөбаев.


Эске салсак, 2-февралда Бишкек ЖЭБде авария болуп, 5 жумушчу жабыркаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн