Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 10:07
USD
86.55
87.05
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Бишкек ЖЭБдин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы текшерилди

27.09.2023 13:33
364
Бишкек ЖЭБдин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы текшерилди


Бүгүн энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев Бишкек ЖЭБнин жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Кеңешменин жүрүшүндө жылуулук электр борборунун 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча маселелер талкууланып, буу казандарын кышка даярдоо иштеринин көлөмү аныкталды.

Атап айтканда, буу казандарын, турбиналык, көмөкчү жабдууларды даярдоо каралып, резервге чыгаруунун мөөнөттөрү белгиленди, бүтүндөй жылытуу мезгилине кубаттуулукту берүүнүн пландары, графиктери аныкталды. Ошондой эле оңдоо иштерин тездетүү боюнча иш-чаралар белгиленди.

Министрдин орун басары белгилегендей, кыштан ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүү боюнча иш-чаралар убагында аткарылып, бардык оңдоо иштери бекитилген графиктерге ылайык бүткөрүлүшү керек. ⠀

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн