Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы “Кыргызкөмүр” МИси калкка жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу ишин улантууда.
Мекеменин маалыматына ылайык, азыркы саатта 2023-жылдын 18-январына караганда Бишкек ЖЭБде 35 вагон Кара-Кеченин көмүрү бар. Ал эми Казакстан Республикасынан алынып келинген Кара-Жыранын көмүрү 35 вагонго көмүр жүктөлүп турат.
Мындан тышкары “Аламедин” станциясында 60 вагон көмүр бар. ЖЧК ”Пандж Шер” компаниясынан 4 вагон көмүр келди. Балыкчы станциясында 20 вагон көмүр, даяр жүктөлгөн 20 вагон бар экени маалым болду.
Министрлик көмүр жетиштүү деңгээлде келгенин билдирет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн