Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 16:06
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкек ЖЭБи бош орундарга адистерди чакырат

01.02.2024 10:59
278
Бишкек ЖЭБи бош орундарга адистерди чакырат


Бишкек Жылуулук электр борбору адистерди жумушка чакырат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, талапкерлер кесиптик билимин, квалификациясын, сертификатын (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу документтер) тастыктаган документтерди көрсөтүүсү керек. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке орноштурулат жана толук социалдык пакет берилет.

Каалоочулар резюмесин Бишкек шаары, Шабдан Батыр проспектиси, 108, же [email protected]почта аркылуу жөнөтүүлөрү зарыл.

Бууказан цехке талап кылынат:

1. бгб жабдууларын оңдоо боюнча 3, 4, 5, 6-баскычтагы слесарь - 5 штаттык бирдик;
2. Нөөмөт башчы - 1 штаттык бирдик

Отказан цехке талап кылынат:

1. Тейлөө боюнча 5-т. слесарь - 4 штаттык бирдик
2. Отун ичкерештиргич - 1 штаттык бирдик
3. 4-бас. казан тазалагыч - 2 штаттык бирдик
4. От казан жабдуулардын обходчик машинисти – 4 штаттык бирдик

Борбордоштурулган оңдоо цехке талап кылынат:

1. Оңдоо иштер боюнча электр слесарь - 1 штаттык бирдик
2. Т/о боюнча 3-т. обочологуч - 3 штаттык бирдик
3. Отказан жана көмүр майдалоо цехтердин жабдууларын оңдоо боюнча 5-т. слесарь - 1 штаттык бирдик
4. Отказан жана көмүр майдалоо цехтердин жабдууларын оңдоо боюнча 6-т. слесарь - 5 штаттык бирдик
5. 6-баскычтагы токарь - 1 штаттык бирдик

Ошондой эле талап кылынат:

1. Фрезерчи -1 штаттык бирдик
2. Айдоочу - 3 штаттык бирдик
3. Тазалоочу -2 штаттык бирдик
4. Өткөрмө пунктунун контролёру - 1 штаттык бирдик.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн