Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:26
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Бишкек ЖЭБи ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат жалган, - Алагөзов

03.04.2024 14:34
194
Бишкек ЖЭБи ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат жалган, - Алагөзов


Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу акрыкы маалыматтарга карата түшүндүрмө берип, ЖЭБди ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

Анын маалыматына караганда, буга чейин бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк ал Энергетика министрлиги тарабынан жокко чыгарылган.

"Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду.

Бул кызматкердин жалган маалыматты таркатуусунун максаты кандай болгону, бул маалымат менен коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгонбу-жокпу териштирүү жүргүзүлүп башталды", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн