Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 18:07
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкек ЖЭБинде өрт чыгып, бир жумушчу жаракат алган

Бишкек ЖЭБинде өрт чыгып, бир жумушчу жаракат алган


Бишкек жылуулук электр борборунда 10-апрелде өрт чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 11-апрелде "Азаттыкка" билдирип, тогузунчу өткөрүп берүүчү ленталык конвейерден чыккан өрттөн бир жумушчу жаракат алганын ырастаган.

Маалыматка ылайык, окуя этиятсыздыктан болуп кети, жабыркаган кызматкер Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жөнөтүлгөн. Борбордо иш азыр кадимкидей тартипте жүрүп жатканы кошумчаланган. 

Аталган бейтапкананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков 11-апрелде таңкы саат 6:45те Бишкек жылуулук борборунан бир киши денесинин 20% күйгөн абалда түшкөнүн бышыктады. 

Анын айтымында, бейтаптын абалы оор, туруктуу деп бааланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн