Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкек ЖЭБине жергиликтүү көмүрдү жеткирүү токтотулду. Себеби

01.09.2023 13:59
328
Бишкек ЖЭБине жергиликтүү көмүрдү жеткирүү токтотулду. Себеби


Бишкек ЖЭБине көмүр 1-сентябрдан тарта жеткирүү керек болчу, бирок учурда токтоп турат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев билдирди.


Анын айтымында, Бишкек ЖЭБине 300 миң тоннага жакын көмүр жыйналып, директору көмүрдү жеткирүүнү убактылуу токтотууну суранган.


"Бишкек ЖЭБине жеткирүүлөр түзүлгөн келишимдерге ылайык 1-сентябрдан башталышы керек. Бирок мен ЖЭБдин директору менен сүйлөштүм, ал 300 миң тоннадан ашык көмүр жыйналганына байланыштуу, бизден жеткирүүнү токтотууну суранышты.


Башкача айтканда, аларда көмүрдүн көлөмү жетиштүү, биз ишибизди калкты жана бюджеттик уюмдарды камсыздоого багытташыбыз керек», - деди Ашырбаев.


“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси ошондой эле күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн Бишкек ЖЭБине канча көмүр жеткирүү керектигин айтты.


"Бишкек ЖЭБинин керектөөсү үчүн 1 миллион 200 миң тонна көмүр керектелет. Анын 600 миң тоннасын Ковак күрөң көмүр кенинен, 50 миң тоннасын Таш-Көмүр кенинен беришибиз керек. Ал эми калганын Жылуулук электр борборуна 550 миң тонна көмүр Казакстандан келет», - деп кошумчалады ал.


Ашырбаев ошондой эле Кыргызстан күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн 2 миллион 746 миң тонна көмүр керектигин белгиледи. Бүгүнкү күндө 1 миллион 700 миң тонна түшүм жыйналды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн