Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынан коронавирус аныкталды

23.06.2020 12:14
1146
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынан коронавирус аныкталды

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдон Covid-19 инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жазды. 


Анын айтымында, ооруну кантип жана кайсы жерден жуктурганын билбейт. Анын жакындары да тест тапшырып, алардан коронавирус аныкталган эмес.  


«Учурда дарыланып жатам. Вирус биздин арабызда, ошондуктан абайлагыла жана ден соолукта болгула», - деп жазды ал.


23-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 163 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 3519 учур болду. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн