Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:45
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бишкек баатырдын айкелин Садыр Жапаровго окшоштургандар болду (фото)

14.04.2021 17:14
1541
Бишкек баатырдын айкелин Садыр Жапаровго окшоштургандар болду (фото)


Бүгүн, 14-апрелде борбор калаада президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен улуттук баатыр - Бишкек баатырдын эстелиги ачылды.

Баатырдын айкелин көргөн айрым интернет колдонуучулары социалдык тармактар аркылуу өздөрүнүн пикирлери менен бөлүшүп, реакция кылышууда.

Алардын бири журналист Шайырбек Абдырахман: “Бишкек баатырды эмнегедир бир жерден көргөндөй болуп жатам” деп жазды.


Журналист Дайырбек Орунбеков: “Тойотанын” эмблемасы Бишкек баатырдын кемеринен алынган” деп тамашалуу легендасын жазып чыкты.

Ошондой эле салыштырууну Солтонбек Эркин аттуу колдонуучу келтирди.


Чокоева Дамира аттуу Фейсбук колдонуучусу "Бишкек баатырга сый-урмат көрсөткүсү келгендер даана өзүндөй сүрөттөш керек болчу, деген пикирин калтырды.

Акыйлай Маратовна баатырды президент Садыр Жапаровго окшоштурду.



Bayaly Bayaly аттуу колдонуучу азыркы эстеликте чагылдырылган Бишкек баатыр менен чыныгы баатырдын 10 айырмасы тапкыла деген суроо таштады.  


Аскар Мекенчил: Эмне Бишкек баатыр Япониядан чыкканбы деген суроосун калтырган.

Орозбек Осмонов аттуу колдонуучу тарыхтагы кыргыз баатырларын сыйлаган президент Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирген.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн