Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкекте 1-класска канча окуучу барат? Вице-мэрдин жообу

28.08.2020 13:38
927
Бишкекте 1-класска канча окуучу барат? Вице-мэрдин жообу


2020-жылдын 1-сентябрь – Билим күнү биринчи класстар үчүн реалдуу режимде өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева 28-августтагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, 2020-2021-жылдагы окуу жылында мектепке 19 миңге жакын бала барат. 


"Биринчи сабак "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" деген темада болот жана мектеп боюнча экскурсия өткөрүлөт", - деди вице-мэр. 

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин чечими боюнча 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып биринчи класстагы окуучулар офлайн окуусун баштайт. Татаал эпидемиологиялык жагдайы бар аймактарда жана окуучулардын саны 20 баладан ашкан көп окуучу бар мектептерде класстар топторго бөлүнөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн