Бугу 21, 2024
Убакыт: 11:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкек чет элдиктердин жашоосу үчүн эң арзан шаарлардын бири деп табылды

30.06.2023 10:37
215
Бишкек чет элдиктердин жашоосу үчүн эң арзан шаарлардын бири деп табылды


Бишкек чет элдиктердин жашоосу үчүн эң арзан шаарлардын бири экени Mercer эл аралык консалтинг компаниясынын изилдөөсүндө айтылды.


Эң кымбат шаарлардын сап башына Гонконг чыкты. Алдыңкы үчтүккө ошондой эле Сингапур жана Цюрих кирди.


Рейтингде Бишкек 224-орунда турат. Ал эми тегерек-четтеги башка шаарларга үңүлсөк, көрсөткүч төмөнкүдөй: Таллин (100-орун), Ереван (141), Баку (177), Минск (182), Алматы (208), Ташкент (218), Душанбе (223).


Тизме турак жай баасы, транспорттук чыгымдар, тамак-аш, кийим-кече, тиричилик буюмдары жана көңүл ачуу сыяктуу ондогон факторлорду салыштыруунун негизинде түзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн