Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек дезинфекцияланууда (сүрөт)

22.06.2020 15:34
981
Бишкек дезинфекцияланууда (сүрөт)


Бишкек шаарынын аймагында 22-июнь күнү дезинфекциялоо иш-чаралары жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


- Октябрь райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жөө кол чачкычтар менен "Орто-Сай" базарынын айланасын жана соода сатык түйүндөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү; 


- Биринчи май райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган жарандардын короо жайларында, балдар аянтчаларында атайын кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү;


- Свердлов райондук ӨК бөлүмүнүн кол шаймандарын колдонуу менен "Чыгыш-5" кичи районунун ички короо көчөлөрүн, коп кабаттуу үйлөрдүн короолорун, балдар ойноочуу аянтчанын айланасын жана курчоочу курулмаларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү;


- Ленин райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, өрт-өчүрүүчү АЦ-4-40 автоунаасы менен "Ош" базарында, "Уста" базарында, "Ала-Арча" соода комплексте жана мектептерди дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү;


Башкармалык тарабынан дезинфекциялоо иш-чаралары уланууда.


Дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн