Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкек казыяты Айтта курбандык чалууну ниет кылгандарды чогуу өткөрүүгө чакырды

28.07.2020 15:05
1123
Бишкек казыяты Айтта курбандык чалууну ниет кылгандарды чогуу өткөрүүгө чакырды


Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Борбордук мечитте 31-июль күнү курбандык чалуу иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов билдирди.

Анын айтымында, курбандык чалууну каалаган шаар тургундары казыятка кайрылып, казыят менен биргеликте чалса болот. Союлган малдын эти муктаждарга таркатылып берилет.

«Шаар тургундарынын ичинен мечит аркылуу курбандык чалууну ниет кылгандар чыгып жатат. Ошолор биздин мечит кызматкерлерине кайрылып, биргеликте кызмат кылалы деп турабыз. Келе жаткан Курман айтыңыздар маарек болсун», - деди Эрназар ажы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн