Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек комендатурасы Ленин РИИБнын башчысын кызматтан алды

07.04.2020 18:28
1295
Бишкек комендатурасы Ленин РИИБнын башчысын кызматтан алды


Бишкек шаарынын комендатурасынын чечими менен Мадияр Кулуев Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынды. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-апрелде журналисттерге билдирди.



Анын айтымында, өзүнүн кызматтан четтетилишинин себептери жөнүндө ага маалымат берилген эмес: Мени эмне үчүн кызматтан четтеткенин түшүнгөн жокмун, себебин дагы айтышкан жок. Мен 1986-жылдан бери милицияда иштеп келе жатам. Алар мени милдетин аткара алган жок деп айтышты”, – деди Кулуев.



Мындан тышкары ал сотко жана мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрыла турганын кошумчалады. Мен сот органдарына жана президентке кайрылам. Мен ордум үчүн эмес, башаламандык үчүн тынчсызданып турам”, – деди ал.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн