Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкек комендатурасына уруксат берүү иштерин күчтөндүрүү тапшырылды

10.04.2020 15:25
1019
Бишкек комендатурасына уруксат берүү иштерин күчтөндүрүү тапшырылды


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө борбор калаанын комендатурасында электрондук өткөрмө кагаз берүү иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Анын айтымында, Бишкек комендатурасында ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрү үчүн электрондук өткөрмө кагаз берүү иштерин күчтөндүрүү жана электрондук системага банктардын, уюлдук байланыш, жеке медициналык мекемелердин, интернет провайдерлердин кызматкерлерин ташууга уруксат берүүнү киргизүү маселесин кароо керек. 

Ошондой эле карантиндик посттор уюштурулган калктуу пункттар аркылуу өткөн күнүмдүк керектелүүчү товарларды ташыган жана өлкөнүн райондорунун жана облустарынын ортосунда жазгы-талаа иштерине тартылган унаалардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн көзөмөлдөө зарыл. 

Ички иштер министрлигине жарандардын үй карантини эрежелерин сактоолорун көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн