Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын кесепетинен 24 жаран жаракат алган

Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын кесепетинен 24 жаран жаракат алган


Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын кесепетинен жаракат алгандардын саны 24кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, жабыркагандардын ичинен төртөө орточо оор абалда ооруканага жаткырылды, калганы үйүндө дарыланууда.


"Көпчүлүгү башынан жаракат алган, денелери сыйрылып, кесилген. Бирөөнүн кыр сөөгү сынып, экөөнүн (өспүрүм жана чоң киши) жамбашы сынган", — деп жазылат маалыматта.


Эске салсак, кечээ өлкөнүн айрым аймактарында, анын ичинде ордо калаада ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал болуп, кулаган бак-дарак автоунааларды басып калып, имараттардын чатырларын алып кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн