Бугу 12, 2024
Убакыт: 08:57
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бишкек мэри АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

21.11.2023 18:02
188
Бишкек мэри АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу мэрия кабарлайт.

Мэр Жунушалиев элчи Лесли Вигерини жылуу кабыл алып, Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен элчиликтин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде маданий жана билим берүү тармагындагы алмашуу программаларын, ошондой эле бир тууган шаары аталган Колорадо-Спрингс менен мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы эл аралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Белгилей кетсек, 1994-жылдын 22-февралында Бишкек шаары менен Колорадо-Спрингс шаарынын ортосунда Тынчтык жана кызматташтык келишимине кол коюлган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн