Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек мэри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды

07.05.2024 14:46
147
Бишкек мэри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды


Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды.

Калаа башчысы ардагерлер Асек Урманбетов жана Василий Пухаревдин үйүндө болду. Айбек Жунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Ошондой эле мэр ардагерлерге президенттин атынан белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Асек Урманбетов 1923-жылы туулган. Ал Украинанын жана Беларустун ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Эки жоокер менен ал немистердин 76 унаасын ар кандай жүктөрү менен кармаган.

Жеңиштин урматына "Ата Мекендик согуш", "Кызыл Жылдыз" ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда "Даңк" медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарба өндүрүштүк кооперациясында башкы бухгалтер, ревизор болуп иштеген. Акын жана жазуучу. Ал “Ак жол” коомдук фондунун президенти болуу менен жеңишке арнап китеп жазып, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк кылып келет. 6 баласы жана 68 небере-чөбөрөсү бар.

Василий Пухарев 1924-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу. 1942-жылы аткычтар полкунун курсанты, андан кийин аткычтар дивизиясына жиберилген, 1943-жылы зениттик артиллериялык полкко которулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн