Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:07
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкек мэри аукционго коюлган "Ак-Кула" ат майданынын ордуна эмне салынарын айтты

05.04.2024 17:10
218
Бишкек мэри аукционго коюлган "Ак-Кула" ат майданынын ордуна эмне салынарын айтты


"Ак-Кула" ат майданынын аукционго коюлган жерине көп кабаттуу үйлөр салынышы ыктымал. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирген.


Орок айылындагы футбол стадионунун курулуш иштери менен таанышууга барган калаа башчысына журналисттер коомчулук эски ат майдандын орду парк болуусун каалап жатканын айтышкан.


"47 гектарды кантип сейил бак кылабыз? Ал жерди аукционго койдук. Бишкек шаарынын тургундары көп кабаттуу үй, батирге муктаж. Биз ал муктаждыкты жоюушубуз керек", — деген ал.


Эске салсак, буга чейин мэрия "Ак-Кула" ат майданынын 45,73 гектар жери аукционго коюла турганын билдирген. Жер тилкенин баштапкы баасы 8 миллиард 731 миллион 917 миң сом болору көрсөтүлгөн болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн