Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкек мэри базарлардын, соода борборлордун жетекчилери менен жыйын өткөрдү

20.03.2020 14:40
743
Бишкек мэри базарлардын, соода борборлордун жетекчилери менен жыйын өткөрдү


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов ири соода борборлорунун, базарлардын, ири өндүрүшчүлөрдүн жетекчилери, ун комбинаттарынын, фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.


Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мэр Азиз Суракматов жолугушууда, учурда Бишкек шаарында абал тынч экенин билдирип, кырдаал республикалык штабдын жана шаардык штабдын көзөмөлүндө экенин билдирди.


Мэрдин айтымында, базарлар жана ири соода борборлору штаттык режимде иштейт, азык-түлүктүн запасы жетиштүү көлөмдө.  


А. Суракматов белгилегендей, тамак-ашка болгон бааны жогорулатууга жана товарларды ашыкча сатып алууга тыюу салынат. Эгер ушундай аракеттерге бара турган адамдар болсо Кылмыш кодексинин 216-беренесине (Монополисттик  иш-аракет жана атаандаштыкты чектөө) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.  


“Дордой-Дыйкан” базарынын жетекчиси Эркин Салымбеков билдиргендей, базарда тамак-ашка болгон баалар мурункудай эле жана кымбаттабайт. Ал ошондой эле ата мекендик ун өндүрүүчүлөргө кайрылып, ун азыктарын өз убагында жеткирип турууну суранды. 


“Акун” компаниясынын директору Улан Калдыбаев ун өндүрүүдө маселе жок жана баалар туруктуу бойдон сакталат.

 

Ири соода борборлорунун жетекчилери складда товарлар жетиштүү жана аларды ташып келүү үзгүлтүккө учурабайт. Андыкан ажиотаж кылууга негиз жок.  


“Неман” жана “ФармаМир” компаниясынын өкүлдөрү бет капка болгон суроо-талап көп экенин, дарыканаларга таратып берүүгө компаниялар жетишпей жатканын айтышты. Жөнөкөй бет каптардын баасы 10 сомду түзөөрүн кошумчалашты.   


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн