Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн эртең мененки кыдыруу учурунда мэриянын пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысына шаардын айланасындагы бардык жарнама такталарын алуу жана аларды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ал эми мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жарнама такталарынан LED-экрандарга өтүү боюнча бардык зарыл иштерди жүргүзүү милдеттендирилди.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн