Жетинин айы 27, 2024
Убакыт: 08:47
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.815
0.865

Бишкек мэри кандай иштерди жасады? 100 күндүк ишинин жыйынтыгы

05.07.2022 12:57
507
Бишкек мэри кандай иштерди жасады? 100 күндүк ишинин жыйынтыгы


Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өтүп жатат.


Бул мезгилде көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекция 4696 чарба субъекттерин, ишканаларды, уюмдарды жана жеке менчик үй ээлерин текшерди. Аныкталган эреже бузуулар боюнча 33 жазма буйрук жазылган. Ошондой эле муниципалдык инспекциянын кызмат адамдарынын көмүүсү менен катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча жалпы суммасы 275 900 сомго келишим түзүлгөн.


Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуулар боюнча иштерди бузуу жөнүндө 285 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 2 282 000 сомду түздү.


Ошондой эле, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү желим, синтетикалык калдыктар жана тыюу салынган заттарды күйгүзбөө максатында 155 чарба субъекттерин текшеришти. Жыйынтыгында тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактысы боюнча 16 миң сом суммасында 196 протокол түзүлдү.


Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча объекттердин ээлерине: 474 билдирүү берилген, 1469 объект бузулган (892 жеңилдетилген типтеги объект, 39 капиталдык курулуш, 538 жарнамалык конструкция). Муниципалдык жерди иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн 1 911 225 сом өндүрүлгөн.


Борбордо 8 ишембилик болуп өттү, ага 2831 уюм жана мекемеден 77 006 адам катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн