Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:39
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Азиз Суракматовдун кеңешчиси суракка чакырылдыбы? ИИМдин жообу

27.05.2020 14:39
964
Азиз Суракматовдун кеңешчиси суракка чакырылдыбы? ИИМдин жообу

 

Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Гуля Алмамбетова Тергөө кызматына суракка чакырылган эмес жана ал боюнча билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын Комендатурасы тарабынан өткөрмө кагаздары берилген фактылар боюнча кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иликтөө, тактоо багытында ыкчам тергөө иш чаралары жүргүзүүдө.


“29-апрелде жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Мэриясына өткөрмө кагаздарынын берилиши боюнча аларда болгон маалыматтарды ИИМге берүү боюнча атайын кат жиберилген. Сотко чейинки өндүрүш учурунда Гуля Алмамбетова сотко чейинки өндүрүштүн күбөсү же башка катышуучусу болуп эсептелбейт. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Гуля Алмамбетова ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган эмес жана анын бул боюнча билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт”, - деп айтылат маалыматта.


Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Алмамбетова өткөрмө кагаздарын берүү маселелери боюнча ИИМге чакырылганын айрым басылмалар жазып чыккан болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн