Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:09
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бишкек мэриясы 100 автобус алып келет

26.02.2020 16:10
614
Бишкек мэриясы 100 автобус алып келет


Бишкек мэриясынын “Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы” жаңы автобус сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриядан кабарлады. Анда айтылгандай, ага 650 миллион сом каралган. Учурда тендер жарыяланып, арыздарды кабыл алуу 18-мартка чейин уланат.


 Тендердин талабы боюнча автобустар 2020-жылы чыгарылган, ичине 70тен ашык киши бата тургандай болушу керек. Ал эми отургучтары 26дан көп болушу шарт. Аны менен катар автобуста мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да шарттар каралуусу кажет. Эң башкысы талап автобус газ менен жүргөнгө ылайыкташуусу зарыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн