Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек мэриясы 100 автобус сатып алууга кайрадан тендер өткөрөт

16.07.2022 14:36
423
Бишкек мэриясы 100 автобус сатып алууга кайрадан тендер өткөрөт


Бишкек мэриясы ичинде желдеткичи жана эң ириде майыптарга шарты бар 100 автобус сатып алуу үчүн баасы бир миллиард сомдук тендердин биринчи жыйынтыгы жокко чыгарылганын билдирди.

Ага ылайык, ушул айдын башында жарыяланган сынакка катышуу үчүн "Белес kg" ишканасы баштаган төрт фирмадан арыз түшкөн. Бирок документтерди текшере келгенде тендердин жобосуна, шартына туура келбеси аныкталган. Мындан улам мэрия кайталап тендер жарыялады жана анын жыйынтыгы 21-июлда чыгарылат.

Өткөн айда мэрия "Белес kg" ишканасы менен беш автобус сатып алуу тууралуу макулдашкан. Анда газ кыймылдаткычы бар бул коомдук транспорттор сапатын сынап-текшерип көрүү максатында алынып жатканы айтылган.

Белгилей кетсек, буга чейин автобус кураштыруучу "Белес.kg" ишканасынан мамлекет 10 автобус сатып аларын билдирген. Мындан көп өтпөй эле мэрия бул автобустарды "баасы менен шарты туура келбейт" деген негизде сатып алуудан баш тартканын билдирген жана бул талаш-талкуу жараткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн