Бугу 13, 2024
Убакыт: 23:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкек мэриясы 14,6 млн сомго үч тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялады

16.10.2023 09:05
191
Бишкек мэриясы 14,6 млн сомго үч тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялады


Бишкек мэриясына караштуу Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы үч тез жардам унаасын сатып алуу үчүн конкурс жарыялады. Тиешелүү маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыялады.


Сынактын талабы боюнча, автоунаалар А классында болушу шарт. Ичинде бейтаптарды ташууга ылайыкташкан жабдуулар, тагыраагы, замбилден тарта алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө керектелген каражаттардын баары камсыздалышы абзел. Машиналардын техникалык абалына 60 миң чакырым жүргөнгө чейин же бир жылга кепилдик берүү каралган.


Мекеме үч тез жардам унаасына 14 миллион 693 миң сом сунуштап жатат. Конкурска катышууну каалагандар 27-октябрга чейин табыштама жөнөтсө болот. Утуп чыккан компания 60 күндүн аралыгында алып келип бериши керектиги жазылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн